Ошто азык-түлүк сатуучу дүкөндөр, банк, базар жана дарыканалар дезинфекцияланууда
Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан дезинфекциялоо иштери жасалды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, 22-апрель күнү Тешик-Таш жер-жемиш дүң базарында дезинфекция иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле, М.Жалил көчөсүндө жайгашкан 59 жер үйлөрдүн дарбазалары, тротуарлары залалсыздандырылды. Жалпы 600 чарчы метр аянт дезинфекцияланды.
Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраак айтсак, азык-түлүк сатуучу дүкөн, банк, базар жана дарыканаларда жүргүзүлүүдө.
Аталган иш-чара республиканын бардык аймагында уланууда.
Добавить комментарий ×