Ошто дайынсыз жоголгон адамдын сөөгү табылды
Бөлүшүү:
Кечээ, 7- июнда Ош шаарында издөө иштеринин натыйжасында эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, 2021-жылы 17-майда Ош шаарында 1988-жылы туулган эркек киши үйүнөн чыгып кетип, дайынсыз жоголгон. Ал жарандын унаасы Кайырма дарыясынын жээгинен табылган.
Ошентип, 7-июнь күнү Ош шаарындагы Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, издөө иштеринин натыйжасында 1988-жылы туулган дайынсыз жоголгон адамдын (Э.Ш.) жансыз денеси табылып, Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-dajynsyz-zhogolgon-adamdyn-sg-tabyldy
Добавить комментарий ×