Ошто аялдын буту темир торчого кыпчылып калган. Видео
Бөлүшүү:
Ош шаарында темир торчого аялдын буту кыпчылып, ал өзү бутун чыгара албай калган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы берген маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Ош шаарында кечээ, 17-май күнү саат 07:35те Р.Абдыкадыров көчөсүндө жайгашкан №195 үйдүн жанындагы суу өтүүчү темир торчого (сливной люк) аял кишинин буту кыпчылып калган. Ал 1963-жылы туулган айым экендиги маалым болду”, - деп айтылат маалыматта.
Видеодо көрсөтүлгөндөй, жерине Ош шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, кыпчылып калган аялдын бутун чыгарып беришкен. Учурда абалы жакшы деп айтышты.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-ayaldyn-butu-temir-torchogo-kypchylyp-kalgan
Добавить комментарий ×