Ошто аял 9-кабаттан секирип жанын кыймак болду (видео)
Бөлүшүү:
Бүгүн, 29-октябрда Ошто Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери суицид кылмак болгон аялдын өмүрүн сактап калышты. Ал көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынын боюн таштаганга аракет жасады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
1986-жылы туулган аял 12 кабаттуу үйдүн 9-кабатынан секирип жанын кыймакчы болуп жатканы тууралуу кабар ӨКМга түшкөн.
Окуя болгон жерге 4 кызматкер токтоосуз барып аялды куткарып калышты жана тез жардам кызматына өткөрүп беришти.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-ayal-9-kabattan-sekirip-zhanyn-kyjmak-boldu-video
Добавить комментарий ×