Бишкекте 9-кабаттан секирмек болгон жигит куткарылды

15 ноябрь 2021 13:52 3084 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 14-ноябрда жаңы курулуп жаткан үйдүн имаратынын 9-кабатынан 26 жаштагы жигит боюн таштамак болгондо куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Аталган кабарга таянсак, саат 16:44тө ӨКМнын 112 кызматына Гагарин жана Юдахин көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынан эркек киши секирип жанын кыймак болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге Бишкектин куткаруу кызматынан 5 куткаруучу барды.

Сүйлөшүү жолу менен куткаруучулар аны 9-кабаттан түшүүгө көндүрүштү жана тез жардам кызматына өткөрүп беришти.

Жигит 1995-жылы туулган К. у. К. экени аныкталды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-9-kabattan-sekirmek-bolgon-zhigit-kutkaryldy



Добавить комментарий