Казакстандык аял үч баласы менен 9-кабаттан кулап жанын кыйды

22 ноябрь 2021 17:11 4596 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын Алмата шаарынын тургуну үч баласы менен бирге 9-кабаттан боюн таштап жанын кыйды. Бул тууралуу Алмата шаарынын полиция департаментине таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Басма сөз кызматы берген кабарга таянсак, трагедия Жетысу кичи районундагы көп кабаттуу үйдө болгон. 28 жаштагы аял тогузунчу кабаттан 2015, 2016-жылы жана 2019-жылы туулган балдары менен секирип кеткен.

“Аял жана эки баласы окуя болгон жерде көз жумду. Дагы бир баласы тез жардамда чарчап калды. Азыркы учурда жагдайдын себептери такталып жатат”,-деп айтылат полициянын маалыматында.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstandyk-ayal-ch-balasy-menen-9-kabattan-kulap-zhanyn-kyjdy



Добавить комментарий