Кара-Жыгач конушунда муунуп каза тапкан тогуз жаштагы баланын сөөгү табылды

18 ноябрь 2021 20:10 823 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кара-Жыгач конушунда тогуз жаштагы баланын сөөгү табылды. Алдын ала маалыматтар боюнча бала өзүнүн жанын кыйган. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Ведомстводон бала муунуп каза тапканын такташты.

18-ноябрда 102 кызматына Кара-Жыгач жаңы конушундагы жеке менчик үйлөрдүн биринен бала суицидге барганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам-иликтөө тобу окуя болгон жерге барып, 2012-жылы туулган баланын сөөгүн табышты.

Денени карап чыккан маалда эч кандай тактар табылган жок. Сотко чейинки өндүрүш башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Ссылка: https://barometr.kg/kara-zhygach-konushunda-muunup-kaza-tapkan-toguz-zhashtagy-balanyn-sg-tabyldy



Добавить комментарий