Ошто асынып алып каза болгон келин, белгилүү тамашоучунун жубайы болгон
Ош облусунун Кара-Суу районунда 32 жаштагы 4 баланын энеси өзүнүн жоолугуна асынып каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, милицияга 22-апрель күнү саат 13:10 чамасында Ишкаван айылында белгисиз аял өзүн-өзү асып алганы боюнча маалымат келип түшкөн.
“Бул боюнча Кара-Суу РИИБинин жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобу чыгып, 22-апрель күнү саат 12:30 чамасында келин унаа токтотуучу гараждын ичиндеги темир тосмого жолук менен өзүн-өзү асып каза болгон. Аталган окуя боюнча каза болгон келиндин жолдошу жана жакын туугандары эч кимге арыз доосу жок экендигин билдиришип, соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан.
Маркум келин 32 жашта, үй-бүлөлүү, үч уул, бир кыздын апасы, убактылуу эч жерде иштебейт", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми, каза болгон келин тамашоучу Кадыр Жарматовдун жубайы экенин “Барометрге” анын кесиптештери тастыктады.
Эскерте кетсек, бүгүн, 23-апрелде тамашоучу Кадыр Жарматовдун жубайы Саматова Каныкей каза болгондугу маалым болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-asynyp-alyp-kaza-bolgon-kelin-belgil-tamashouchunun-zhubajy-bolgon
Добавить комментарий ×