Ошто 7 жашар кыз зордукталып, оор абалда ооруканага жеткирилди делген маалымат такталып жатат
Соцтармакта “Ошто жети жаштагы кыз зордукталып, кан токтобогон абалда ооруканага алынып келинди” делген маалымат текшерилип жатат. Бул тууралуу ОШ ОИИБнин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, кече, 13-апрель күнү Ошто жети жашар кызды 11-класстын баласы зордуктап коюп, кан токтобогон абалда ооруканага алынып келингени тууралуу соцтармакта маалымат таркаган. Анда, жети жашар кызды 11-класстын баласы ушуну менен экинчи жолу зордуктап жатканы айтылган. Окуя биринчи жолу болгондо баланын ата-энеси акча берип, кыздын туугандарын тынчытып койгону жазылган.
Ал эми, милиция учурда окуяны тактоо иштери жүрүп жатканын кабарлады.
“Соцтармакка чыккан төмөндөгү көрсөтүлгөн бул маалымат боюнча Кара-Суу районунун жана Ош облусунун башка райондорунун аймагында 2021-жылдын 13-апрель күнү расмий арыз катталган эмес.
Ошондой болсо да маалымат боюнча Ош шаарындагы бейтапканалар текшерилүүдө”, - деп айтылат маалыматта.
Добавить комментарий ×