Ошто 37 жаштагы эркекти өлтүрүүгө шектелип жаш кыз кармалды
Ош шаарында 37 жаштагы эркек киши бычактан алган жаракаттан улам көз жумду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Аталган кабарга таянсак, “Ак-Буура” милиция бөлүмүнө саат 02:55те областтар аралык ооруканадан телефон чалышкан. Алар С.Касымбекова көчөсүндөгү кафенин жанында 35-40 жаштар чамасындагы эркек киши сол бутунан бычактан жаракат алып жеткирилгени тууралуу маалымдашкан.
Бычактан жаракат алган жаран Кара-Суу районунун тургуну, 1984-жылы туулган М.Ш. экени аныкталды, ал көп кан жоготуудан улам ооруканада каза тапты.
Күбө катары каза тапкан жигиттин достору А.С., Б.М., Ч. уулу Н., А. уулу А жана С. уулу Н сурак беришти.
Алар берген көрсөтмөгө ылайык, 28-сентябрда саат 02:50дө «Кенч» кафесинде алар С.Р. жана Р.А атуу кыздар менен уруша кетишкен.Баардыгы көчөгө чыккан кезде С.Р мас болуп алып М.Ш.ны бычак менен сайган.
Ыкчам иликтөөнүн жүрүшундө Кара-Суу районунун 1999-жылы туулган тургуну С.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга жеткирилди.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-37-zhashtagy-erkekti-ltrg-shektelip-zhash-kyz-karmaldy
Добавить комментарий ×