Ош Улуттук драма театрына директор болууну каалагандар үчүн сынак жарыяланды
Маданият министрлиги Султан Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрынын директорун дайындоого талапкерлердин документтерин кабыл алат. Бул тууралуу аталган министрликтин маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 251 токтому менен бекитилген Жобого ылайык театрдын директорун дайындоого талапкерлердин документтерин кабыл ала тургандыгын жарыялайт.
Комплекстин башкы директорунун кызмат орунуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлган:
“Маданият жана искусство” багыты боюнча жогорку кесиптик билими, жетекчилик кызмат орундарындагы иш стажы 2 жылдан кем эмес же гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу багыттары боюнча жогорку кесиптик билими, маданият жана искусство чөйрөсүндөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
• Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын өнүктүрүү программасы;
• резюме (байланыш телефон номерин, электрондук почтаны көрсөтүү менен),
• автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
• кадрларды эсепке алуу баракчасы;
• нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
• нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
• илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
• паспорттун көчүрмөсү.
Бардык документтер папкага тиркелип, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө маалымат расмий жарыяланган күндөн тартып, 2022-жылдын 1-августуна чейин тапшырылышы керек (саат 18:00 чейин).
Дареги: Бишкек ш., Пушкин көч., 78, №1 кабинет (саат 9.00дөн 18.00гө чейин), байланыш телефону: +996 312 662 683.
Талаптарга жооп берген катышуучулар сынакка катышууга чакырылат.
Ссылка: https://barometr.kg/osh-uluttuk-drama-teatryna-direktor-boluunu-kaalagandar-chn-synak-zharyyalandy
Добавить комментарий ×