Ош Улуттук драма театрына директор болууну каалагандар үчүн сынак жарыяланды

26 июля 2022 10:52 1708 Barometr
Поделиться в:
ok

Маданият министрлиги Султан Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрынын  директорун дайындоого талапкерлердин документтерин кабыл алат. Бул тууралуу аталган министрликтин маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 251 токтому менен бекитилген Жобого ылайык театрдын директорун дайындоого талапкерлердин документтерин кабыл ала тургандыгын жарыялайт.

Комплекстин башкы директорунун кызмат орунуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлган:

“Маданият жана искусство” багыты боюнча жогорку кесиптик билими, жетекчилик кызмат орундарындагы иш стажы 2 жылдан кем эмес же гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу багыттары боюнча жогорку кесиптик билими, маданият жана искусство чөйрөсүндөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.  

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

• Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын өнүктүрүү программасы;

• резюме (байланыш телефон номерин, электрондук почтаны көрсөтүү менен),

• автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

• кадрларды эсепке алуу баракчасы;

• нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;

• нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

• илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

• паспорттун көчүрмөсү.

Бардык документтер папкага тиркелип, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө маалымат расмий жарыяланган күндөн тартып, 2022-жылдын 1-августуна  чейин тапшырылышы керек (саат 18:00 чейин).

Дареги: Бишкек ш., Пушкин көч., 78, №1 кабинет (саат 9.00дөн 18.00гө чейин), байланыш телефону: +996 312 662 683.

Талаптарга жооп берген катышуучулар сынакка катышууга чакырылат.

Ссылка: https://barometr.kg/osh-uluttuk-drama-teatryna-direktor-boluunu-kaalagandar-chn-synak-zharyyalandy



Добавить комментарий