Бишкектеги орус драм театры өрттөнүп жатат

20 октябрь 2023 15:06 1469 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектеги орус драм театры өрттөнүп жатат. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун К.Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан орус драм театрынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

“Өрттү өчүрүүгө саат 13:53тө жалпысынан 4 күжүрмөн эсеп, штаб жана ЦУКСтан ыкчам топ тартылган.

Тилсиз жоону өчүрүүнүн жүрүшүнөн кошумча маалымат берилет”, -деп айтылат маалыматта.



(Сүрөт архивден алынды)

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektegi-orus-dram-teatry-rttnp-zhatat



Добавить комментарий