Ош шаары Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланды
3 миң жылдык тарыхы бар Ош шаары Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланды. Мындай чечим "Түрксой" уюмунун туруктуу кеңешинин Түркиянын Кастамону шаарында 18-декабрда өткөн жыйынында кабыл алынды. Маалым болгондой, маданий уюмдун XXXVI-жыйыны 10дон ашык түрк элдеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүп, анын жүрүшүндө уюмдун башкы катчысы Дюсен Касеинов 2019-жылы түрк маданий борбору катары Ош шаарын сунуштап, бир добуштан колдоо тапкан.
Белгилей кетсек быйыл жергебизге келген Дюсен Касеинов жергиликтүү массалык маалыматтарынын бирине маек куруп, мындай демилге бар экенин бирин билдирген.
Жалпы коомчулук жагымдуу мындай жаңылыкка кубуу менен кабыл алгандарын айтышууда.
Ссылка: https://barometr.kg/osh-shaarytrk-djnsnn-madanij-borboru-dep-zharyyalandy
Добавить комментарий ×