Ош шаарында милиционерлер адам ѳлтүрүү кылмышынын бетин ачышты

2 июнь 2018 23:25 1410 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Оштук милиционерлер адам ѳлтүрүү кылмышынын бетин ачышты. Бул тууралу,бүгүн, 2 июньда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басмасѳз кызматынан кабарлашты.

2018-жылдын 30-майдан 31-майга караган түнү, болжол менен саат 03 чамаларында Ош шаарынын Раимбеков кѳчѳсүнүн тургундарынан кабар келип түшкѳн. Жашоочулар жашаган үйүнүн жанындагы бакчанын ичинде белгисиз адам канга боелуп жаткандыгын кабарлашкан. Окуя болгон жерге Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги, оперативдүү тергѳѳ тобу барган. Кабарлагандай, аталган үй алдындагы бакча түбүндѳ жашы болжол менен 35-40 чамасындагы жарандын ѳлүгү табылган Анын адам колдуу болуп ѳлгѳндүгү аныкталган. Тагыраак айтканда башында соккудан улам тактары жана моюну кесилип, моюнунда сынган бѳтѳлкѳнүн калдыгы калып кеткен. Эксперттер ушундан улам анын бѳтѳлкѳ менен уруп ѳлтүрүлгѳндүгүн аныкташкан. Жүргүзүлгѳн эксперттик кароонун жана иликтѳѳнүн натыйжасында бул жаран 1976-жылы туулган, Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну, эч жерде иштебеген А.Н. болуп чыкты. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан кечээ күнү бул кылмышка шектүү катары Кара-Кулжа районунун тургуну, 1969-жылы туулган, эч жерде иштебеген, мурда бир ирет соттолгон М.А аттуу жаранды кармашты. Ал жасаган күнѳѳсүн моюнуна алып,ичимдик ичип отурушуп, ѳз ара урушуп кеткендиктен чыгып, адегенде маркум биринчи бѳтѳлкѳ менен чаап жибергендигин, анан жооп иретинде ѳзү дагы бир нече ирет бѳтѳлкѳ менен чаап жибергендигин билдирди. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. «Адам ѳлтүрүү» (КЖКнын 97-беренеси) беренеси менен тергѳѳ иштери жүргүзүлүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/osh-shaarynda-milicionerler-adam-ltr-kylmyshynyn-betin-achyshty



Добавить комментарий