Ошто каналга түшүп кеткен жарандын сөөгү табылды

13 июль 2020 11:39 4263 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош шаарында каналга түшүп кеткен жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

Окуя, 11-июль күнү саат 19:30 чамасында Амир-Тимур кичи районунда катталган. Андагы "Южный" каналына 1988-жылы туулган эркек киши түшүп кеткен. 

Кечээ, 12-июль күнү издөө иш-чаралары улантылып, ага ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын куткаруучулары, ИИМдин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар тартылган. Маркумдун жансыз денеси саат 15:15те табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/osh-shaarynda-kanalga-tshp-ketken-zharandyn-zhansyz-denesi-tabyldy



Добавить комментарий