Ошто каналга түшүп кеткен жарандын сөөгү табылды
Поделиться в:
Ош шаарында каналга түшүп кеткен жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Окуя, 11-июль күнү саат 19:30 чамасында Амир-Тимур кичи районунда катталган. Андагы "Южный" каналына 1988-жылы туулган эркек киши түшүп кеткен.
Кечээ, 12-июль күнү издөө иш-чаралары улантылып, ага ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын куткаруучулары, ИИМдин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар тартылган. Маркумдун жансыз денеси саат 15:15те табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Ссылка: https://barometr.kg/osh-shaarynda-kanalga-tshp-ketken-zharandyn-zhansyz-denesi-tabyldy
Добавить комментарий ×