Ош шаарында депозиттик эсептен 500 орундуу мектептин курулушу башталды
Бүгүн, 24-декабрда Ош шаарында Бирдиктүү депозиттик эсептен 500 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Ош шаар мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Капсула салуу аземине катышкан мэр Таалайбек Сарыбашов өлкө башчысынын демилгеси менен мектептерди куруу иштери жүрүп жатканын айтты. Заманбап ыкмага ылайыкташкан бул мектептин курулушуна тендер жарыяланып, 54 млн сомдон ашык каражат сарпталары белгиленген. Курулуш иштерин 2020-жылдын IV кварталына бүтүрүү пландалган.
Депозиттик эсеп 2018-жылы президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен түзүлүп, жемкорлордон кайтарылган каражаттар ушул эсепке которулуп турат. Маалым болгондой, депозиттик эсептен 15 мектеп курууга каражат бөлүнгөн. Бишкек шаарына 7, Чүй облусуна 7, Ош шаарына 1 мектеп курулмакчы.
Ссылка: https://barometr.kg/osh-shaarynda-depozittik-esepten-500-orunduu-mekteptin-kurulushu-bashtaldy
Добавить комментарий ×