Ош шаарына кирүүгө убактылуу чектөө киргизилди

23 март 2020 16:48 1322 Barometr
Бөлүшүү:
ok

23-марттан тарта Ош шаарына башка райондордон жарандардын кирүүсүнө убактылуу чектөө кирзилди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Мэр Таалайбек Сарыбашовдун буйругуна ылайык, шаарга кире турчу 7 жерге санитардык-карантиндик посттор орнотулду. Бул блок посттордо санитардык кызматтардын өкүлдөрү дезинфекция иштерин жүргүзүп, айдоочулардын дене табын өлчөп жатышат.

Жергиликтүү тургундарга өзгөчө зарылчылык жок болсо, шаардан жана үйлөрүнөн чыкпоо сунушталат.

Ссылка: https://barometr.kg/osh-shaaryna-kirg-ubaktyluu-chekt-kirgizildi



Добавить комментарий