Ош шаарынын кайсы бөлүктөрү дезинфекцияланды? ӨКМдин жообу

3 апрель 2020 17:51 790 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун буйругун ишке ашыруу максатында КР ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан вирустук инфекцияны жайылтпоо максатында шаардагы көп киши чогулган жерлерде дезинфекциялоо иштери жүргүзүлгөн. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. 

Ош шаарынын Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын Ак-Тилек кичи районунун Коргон аймагынын 1-2 көчөлөрүн жана Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын Ленин көчөсүнүн Шейит-Дөбө аймагында коронавирус оорусун жайылып кетүүсүн алдын алууга багытталган.

Эскерте кетсе, эртең 4-апрель күнү Ош шаарынын Амир-Темур муниципалдык аймактык башкармалыгында залалсыздандыруу иштери башталат.

Ссылка: https://barometr.kg/osh-shaary-dezinfekciyalandy



Добавить комментарий