Ош облусунда жер титиреди
Бөлүшүү:
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 1-апрель күнү саат 19:50дө Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу КР ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Жер титирөө Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан, Ата-Мерек, Кызыл-Туу, Алчалуу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/osh-oblusunda-zher-titir-kattaldy
Добавить комментарий ×