Ош: милициянын милдетине шашлык алып берүү кирбейт

25 март 2020 13:42 1503 Barometr
Бөлүшүү:
ok

25-мартта Facebook социалдык түйүнүндө, андан соң айрым маалымат сайттарында обсервацияда жаткан аялдын имаратты кайтарууга алган милиция кызматкерине орой түрдө шашлык алып келип берүүнү талап кылган видеосу жарыяланды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Ош ШИИБ укук коргоо кызматкерлеринин милдетине обсервацияда убактылуу жаткан жарандарыбызга тамак-аш алып келүү кирбей турганын маалымдайт. 

"Милиция кызматкерлеринин негизги милдети жарандардын коопсуздугун коргоо жана убактылуу изоляцияда кармоо эрежесин камсыздоо болуп саналат. Аманчылык болсо- эжеге шашлык жеген күн келет", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, коронавирус жуккан жана ал кишилер менен контакт болгондор атайын жайда кармалып, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Айрым жайларды укук коргоо органдары кайтарып, күзөтүүгө алышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/osh-miliciyanyn-mildetine-shashlyk-alyp-ber-kirbejt



Добавить комментарий