Ошто айдоочуга кол салып, ал оор абалда бирөөнүн үйүнө качып кирип жан берген

27 февраль 2023 13:02 844 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кара-Сууда айдоочу киши колдуу болуп каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБнин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, айдоочу оор жараат алган абалда бей тааныш адамдын үйүнө качып кирип, жан берген. 

“25-февраль күнү саат 21:20 чамасында, Кара-Суу милициясынын нөөмөт бөлүгүнө кабар келип түшкөн. Анда анда Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын Фуркат айылында белгисиз азият улутундагы 35-40 жаш курактагы эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы кабарланган.

Аталган маалымат Кара-Суу РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып,  Ош ОИИБдин жана Кара-Суу РИИБдин ыкчам-тергөө топтору окуя болгон жерге барышып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү ) негизинде  кылмыш иши козголгон.

Алгачкы текшерүүнун жүрүшүндө 2023-жылдын 25-февраль күнү саат 20:31 чамасында, Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын Медресе айылынын тургуну, 37 жаштагы Ж.Ж., аттуу жарандын үйүнө белгисиз жаран жараат алып, оор абалда келгендиги аныкталган.

Ыкчам-иликтөөнүн жүрүшүндө каза болгон жарандын өздүгү аныкталды.

Аталган факты боюнча маркумдун жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, маркумга тиешелүү ак түстөгү  “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунаасы Ош шаарынын У.Салиева көчөсүндө табылган.

Учурда кылмышка шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-ajdoochuga-kol-salyp-al-oor-zharakat-algan-abalda-birn-jn-kachyp-kirip-zhan-bergen



Добавить комментарий