Ош менен Баткенде электрди колдонуу лимити жогорулап кеткен

5 ноябрь 2021 15:14 3050 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2021-жылдын 9 айында «Ош электр» ачык акционердик коомунун абоненттеринин саны 13 миң 616 адамга көбөйдү. Бул тууралуу аталган компаниядан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү быйыл аз болгонуна байланыштуу өткөн жылдарга салыштырмалуу электр энергиясын иштеп чыгуу азайган. Ошол эле маалда электрди колдонуучулардын саны өсүп жатат.

Авариялык өчүрүүлөрдү алдын алуу жана энергетикалык ресурстарды пайдаланууну үнөмдөш үчүн “Ош электр” колдонуучуларга кубатуулукту жогорулатпоону эскертти.

Компания саат эртең мененки 07:00дөн 10:00гө чейин жана кечки саат 18:00дөн жана 21:00гө чейин зарылдыгы болбосо көп энергияны корото турган жабдууларды өчүрүүнү өтүндү.

“Ош электр”  акыркы күндөрү электр энергиясын колдонуу кескин жогорулаганын маалымдады. 1-ноябрдан 4-ноябрга чейинки аралыкта электрди колдонуу боюнча лимит 15,7 пайызга жогорулап жана колдонуу 5 млн 754  кВт. саатка жеткен.

 

Ссылка: https://barometr.kg/osh-menen-batkende-elektrdi-koldonuu-limiti-zhogorulap-ketken



Добавить комментарий