Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда “Нубира” үлгүсүндөгү унаа оодарылып кеткен
Бөлүшүү:
Баткен районунда 2018-жылдын 8-июль күнү саат 20:47де КР ӨКМнин №3 өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 230-чакырымында мамлекеттик № О59-80АА “Нубира” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен жерге куткаруу иштерин жүргүзүүгө чыгышкан.
Куткаруучулар жерине жеткенге чейин жабыркаган адамды тез жардам кызматы райондук ооруканага алып кеткен.
Ссылка: https://barometr.kg/osh-batken-isfana-unaa-zholunda-nubira-lgsndg-unaa-oodarylyp-ketken
Добавить комментарий ×