Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 2 жашар наристе куткарылып, жашоочулар эвакуацияланууда

27 октябрь 2023 13:43 523 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батир өрттөнүп жатат. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Алдын ала маалымат боюнча Аламүдүн-1 кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 8-кабатындагы батирден  өрт чыккан.

“Өрттү өчүрүүгө саат 11:59да Октябрь райондук №7 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, саат 12:05те Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1, саат 12:01де Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 автошаты жана штаб тартылган. Тилсиз жоо саат 12:37де чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө.

Өрт өчүрүүчүлөр өрт чыккан батирдин ичинен 2 жаш баланы аман-эсен куткарып чыгып ошондой эле башка батирлерден жалпы 8 адам эвакуацияланган.

Кошумча маалымат берилет”, - деп айтылат маалыматта. 



Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-kp-kabattuu-jdn-rt-chygyp-eki-zhashar-nariste-kutkarylyp-zhashoochular-evakuaciyalanuuda



Добавить комментарий