Россияда жасалма кыргыз паспортун сатууга койгон жарандар изделүүдө
Бөлүшүү:
- Ушул жылдын 3-февраль күнү бир катар ата мекендик маалыматтык агенттиктерде россиялык сайтта эски үлгүдөгү кыргыз ID-карт паспортун 15 000 рублга сатып алууну сунуштап жаткандыгы жөнүндө маалыматты жарыялашкан. Анда PRAVABZ порталында ID-картка каалаган маалыматты киргизүүгө болоорун, ага кошумча 3 миң рубль төлөө керектигин билдиришкен маалымат камтылган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү аталган маалымат боюнча төмөнкүлөрдү билдирет: Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин жасалма документтерди колдонуу фактылары пайда боло баштаган. Бул документтер мамлекеттик жана муниципалдык органдарга көрсөтүүгө же кандайдыр бир укуктарга ээ болуу, кандайдыр бир милдеттерден бошоо максатында колдонушат.
Аталган документтер материалдык киреше менен жеңилдетилген акылар үчүн атайылап жасалма документтерди колдоноору дагы маалым.
2019-жылы ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн аракети менен Россиянын ИИМдин аймактык бөлүмдөрү тарабынан Кыргызстандын
жаранынын жасалма документтерин колдонуу боюнча бир катар фактылар аныкталган.
Бул фактылар боюнча Россиянын ИИМдин аймактык бөлүмүнүн эксперттик-криминалисттик борборлору жүргүзгөн экспертизанынын корутундусу менен алынган документтер мамлекеттик үлгүдөгү документтерге дал келбегендиги жана компьютердин жардамы менен жасалгандыгы тастыкталган.
Кыргызстандын жарандары тарабынан негизинен убактысы узартылган жасалма айдоочулук күбөлүктөр колдонулса, ал эми Борбор Азиянын өлкөлөрүнүн жарандары болсо өз сүрөттөрүн чаптап алган жасалма документтерди колдонушат. Бул Россиянын аймагында мыйзамдуу эмгектенүү үчүн сүрөттөр пластикалык айдоочулук күбөлүктөр менен 2004-жылы чыккан ID-card паспорттордо дагы колдонуга аракет кылышат. Ушундай документтерди текшерүүгө алганда ал жасалма экендиги билинип, анда Кыргызстандын жарандарынын жеке номуру менен башка адамдын паспортунун сериясы аныкталат. Көп учурларда жасалма документтерди атайын түзүлүштөрдүн жардамы жок эле аныктоого болот.
ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү аймактык укук коргоо органдары менен Россиянын аймагында Кыргызстандын жаранынын жасалма документтерин аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча ар дайым тыгыз кызматташып келет.
Россиянын интернет мейкиндигинде Европа өлкөлөрүнүн жасалма документтерин, анын ичинде кыргыз паспортторун сатып алууну сунуштаган көптөгөн сайттар бар. Россиянын укук коргоо органдары менен Россиянын көзөмөлдөө комитети тарабынан мындай сайттар аныкталып, блоктолот. Ал эми сот тарабынан болсо "Маалыматтар, маалыматтык технологиялар, маалыматты коргоо жөнүндө" федералдык мыйзамынын негизинде Россиянын аймагында документтерди сатууну сунуштагандарга интернет булагына чектөөлөрдү киргизип койгон (маалыматтык агенттиктер жазып чыккан «PRAVABZ» порталы боюнча айтып жатабыз). Сайттын дареги Россиянын аймагында уруксат берилбеген тизмеге киргизилсе дагы кылмышкерлер домендин дарегин өзгөртүп, блоктон чыгарып алуунун дагы жолдорун табышууда.
Кыргызстан ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү жасалма документтерди даярдоо жана аны колдонуу фактыларына байланыштуу эскертет:
Жарандар жасалма документтерди колдонуу менен кылмыш жасоого барып жаткандыгын түшүнбөй жатышат. Мыйзамды билбегендик, кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.
2019-жылдын июль айынан баштап Россиянын аймагында жасалма документтерди даярдоо жана колдонуу үчүн кылмыш жоопкерчилигин оорлотту.
Ал эми, Кыргызстандын жарандарына 2017-жылдан баштап берилип баштаган биометрикалык паспорттор боюнча ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда Россиянын аймагында жасалмасын колдонуу же даярдоо фактылары аныкталган эмес.
Өкүлчүлүк Россиянын укук коргоо органдары менен биргеликте Кыргызстандын жаранына таандык жасалма документтерди даярдоого тиешеси бар адамдарды аныктоого, алардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүп жатат.
Жогорудагыдай укук бузган фактылар жөнүндө ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө +7 (926) 890-87-00 телефон номуруна байланышып, кабарлоону суранат. Жашырындуулукка кепилдик берилет.
Ссылка: https://barometr.kg/orusiyada-zhasalma-dokument-dayardagan-zharandar-izdeld
Добавить комментарий ×