Орусияда "дүйнөдөгү эң чоң бала" көз жумду
Кабардино-Балкарияда Джамбулат Хатохов Гиннесстин рекорддор китебине "дүйнөдөгү эң чоң бала" болуп кирип көз жумду. Бул тууралуу инстаграмда массалык күрөш боюнча Россиянын өспүрүмдөр курама командасынын машыктыруучусу Бетал Губжев жарыялаган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.
"Гиннесстин рекорддор китебинин рекордсмени, Кабардино-Балкар Республикасынын биринчи сумочусу Джамбулат Хатохов дүйнөдөн кайтты. Үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтам", - деп жазган Губжев.
Өспүрүмдүн өлүмүнүн себеби айтылган жок, ал 21 жашта болчу.
Хатохов Гиннесстин рекорддор китебине 2003-жылы кирген. Эки жашында ал 34 килограмм, жети жашында - 115, ал эми он үч жашында - 180 килограмм салмакта болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/orusiyada-djndg-e-cho-bala-kz-zhumdu
Добавить комментарий ×