Орхан Инанды табышам деп алдап 50 миң доллар, унаа алган жаран кармалды

3 июнь 2021 15:26 560 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Дайынсыз болуп жаткан "Сапат" лицейинин негиздөөчүсү Орхан Инандыны табууга жардам берем деп алдап, 50 миң доллар жана унаа алган жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Кечээ, 2-июнда Бишкек ШИИББине Түркиянын М.А. аттуу жараны арыз менен кайрылган. Анда арыз ээсине белгисиз жаран Орхан Инандыны табышам деп, өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырган. Ошондой эле, ал 50 миң доллар жана Subaru Impreza унаасын алган.

Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-беренеси "алдамчылык" менен катталган. 

Ыкчам иликтөө жана издөө иш-чараларын негизинде жогорудагы кылмышка шектүү жаран кармалды. Ал 1994-жылы Ош облусунда туулган жаран болуп чыкты. Учурда эч жерде иштебейт, мурда сот жообуна тартылган", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, шектүүнү текшергенде Subaru Impreza унаасынын ичинен 50 миң доллар жана 12 огу бар тапанча табылган.

Эске сала кетсек, Орхан Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон. 31-майда кечки саат алты чамасында ал өзүнүн Lexus GX-470 унаасы менен үйүнөн чыгып кеткен, ал эми 1-июнь күнү таңкы саат төрттөрдө Малдыбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанынан унаасы табылган.

Президент Садыр Жапаров да дайынсыз жоголгон кыргыз жаранын издөө боюнча УКМКга жана ИИМге тапшырма берген. Ал күчөтүлгөн тарипте изделип жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/orhan-inandy-tabysham-dep-aldap-50mi-dollar-unaa-algan-zharan-karmaldy



Добавить комментарий