Опузалап 350 миң сом талап кылган УКМК кызматкери кармалды

20 май 2019 11:50 1163 Barometr
Бөлүшүү:
ok

17-майында Улуттук коопсуздук кызматынын жеке коопсуздук кызматы жана КРнын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Н.А. аттуу кызматкери 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, кармалган кызматкер текшерүүнү токтотуу үчүн опузалап 350 миң сом талап кылган. Опузалоо фактысы Жазык кодексиндеги 320-берененин 2-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 326-берененин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (опузалап пара алуу) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Учурда кармалган кызматкер Бишкектеги аскер комендатынын камак үйүнө киргизилип, тергөө жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/opuzalap-350-mi-som-talap-kylgan-ukmk-kyzmatkeri-karmaldy



Добавить комментарий