Ооруканадан чыгарылган Ташиев: "Мындан кийинки өмүрүм элдики"
Мурдагы депутат Камчыбек Ташиев ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына таянып “Барометр” билдирет.
Бүгүн, саясатчы жанан анын жубайы ооруканадан чыкканын, анын абалы жакшырып, эми үйдө дарылана турганын айтты.
«Биз бүгүн ооруканадан чыктык, эми калган дарыланууну үйдөн улантабыз. Элимдин дубасы, ак тилектери, жараткандын буйругу жана ак халатчан баатырларыбыздын зор эмгектери бизди сактап калды”, -деп жазган ал.
«Мындан кийинки өмүрүм элдики, баардыгын элге деп өтөмүн. Бүгүнкү күндөн баштап жардам берүүчүлөрдүн чоң армиясынын катардагы солдатымын”, - деп жазган Ташиев.
Белгилей кетсек, экс-депутат жана анын жубайы эки тараптуу пневмонияга кабылып, абалы оорлошуп ооруканага жаткырылганы айтылган.
Ссылка: https://barometr.kg/oorukanadan-chygarylgan-tashiev-myndan-kijinki-mrm-eldiki
Добавить комментарий ×