Жалал-Абад облусунда бир суткада 15 кылмыш иши катталды

13 апрель 2020 14:50 867 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абад областынын жана өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары, Сузак районунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу жана көзөмөлдө болду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынын басма сөз кызматы билдирди. 

12-апрелден 13-апрелге караган бир сутка ичинде областын аймагында баары болуп – 15 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен – 4 кылмыш окуялары коменданттык саат киргизилген аймактарга тиешелүү. Оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган жок.

Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы - 1174 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген болсо, анын ичинен сутка ичинде Жалал-Абад шаарында - 10, Сузак районунун аймагынан – 5 атуул коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн ШРИИБге жеткирилип, айып пулдар салынган. 

Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 72 атуул ШРИИБге жеткирилип алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн жана 73 автоунаа айып аянтчасына коюлган.

Ссылка: https://barometr.kg/oor-zhana-zgch-oor-kylmyshtar-kattalgan-zhok



Добавить комментарий