Ооганстанда үйлөнүү тою учурунда жарылуудан төрт адам каза болду

11 сентябрь 2020 11:48 561 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Афганистандагы үйлөнүү үлпөт аземинде жарылуу болуп, кеминде төрт адам каза болду. Окуя 10-сентябрь, бейшемби күнү кечинде болгон. Бул тууралуу ТАСС агенттигине шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Кол салуу Хост провинциясында болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча сегиз адам жаракат алган. Окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.

Ошол күнү эрте менен, Талибан радикалдык кыймылынын согушкерлери Нангархар провинциясындагы коопсуздук кызматына кол салганы белгилүү болду. Кеминде 16 аскер жана полиция кызматкери өлтүрүлүп, бир нече адам жаракат алышты.

6-сентябрда Нангархар провинциясындагы турак жайдын биринде ракета менен алты адам каза болгон. Өлгөндөрдүн арасында беш бала, дагы төрт адам жаракат алышкан. Ооганстанда иш алып барган топтордун бири дагы окуя үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган жок.

Ссылка: https://barometr.kg/ooganstanda-jln-toyu-uchurunda-zharyluudan-trt-adam-kaza-boldu



Добавить комментарий