Окуучу кыз жарым жылдан бери кечээги күнүн эстебей жашап жатат

11 май 2019 15:08 22690 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Life.ru маалымат булагы окуучу кыз жарым жылдан бери эртең менен турганда кечээ эмне кылгандыгы туурасында таптакыр унутуп, түшүнүксүз абалда жашап келгендигин жазды. 16 жашар Кейтлин Литтлга кандай жардам кылуу керектигин дарыгерлер алигиче билбей келишет.

Ал мындай абалга машыгуу учурунда болгон окуядан кийин туш болгон. Кейтлин бирге окуган класстташтары менен адаттагыдай эле машыгып жаткан учурда, алардын бири капысынан 14 жашар кызды башка чаап алган. 

Ошол замат Кейтлин эс-тутумун жоготкон. Кыздын апасы аны машыгуу залынан алып кетүүгө келгенде, ал автоунаанын эшиги кантип ачыларын эстей албай койгон. Дарыгерлер кыздын эс-тутуму үч аптадан кийин ордуна келерин айтышканы менен ошол 2017-жылдын 12-октябрынан тартып, ушул күнгө чейин Кейтлиндин эстеп калуусу ордуна келе элек.

Жарым жылдан бери ар бир таңда ойгонгон сайын кыз кечээ гана башына сокку алгандай болуп ойгонот. Күнүмдүк иштерди жасоодо дагы кыздын мээси иштебей калат.

"Биз "Алиса кызыктар өлкөсүндө" деген китептегидей эле жашап жатабыз. Бардык жерде: "Мени же", "Сен муну ичүүнү жакшы көрөсүңбү", "Ушуну байкап көрчү" же "Эжеңдин кийимдерине тийбе –ал ачууланат" деген кагаздар чапталган, - дейт Кейтлиндин сиңдиси Сара.

Кейтлин мектепке барып жатат, бирок ага ар дайым кайсыл класста окуурун жана кайсыл командада машыгаарын эскертип туруу керек. Анын ата-энеси үмүт менен дарыгерлерге кайрылып келишет. Интернет тармактарынын колдонуучулары дагы Кейтлиндин дарылануусу үчүн  акча каражаттарын топтоп беришүүдө, анткени, медициналык текшерүүлөр кымбатка турат.

Ссылка: https://barometr.kg/okuuchu-kyz-zharym-zhyldan-beri-kecheegi-knn-estebej-zhashap-zhatat



Добавить комментарий