Окумуштуулар жакын арада жашоого мүмкүн болбой турчу мамлекетти атады
Климаттык изилдөөлөр көрсөткөндөй бүгүнкү күнү жер шарында адам баласы жашай албай турган жерлер бар. Себеби бул аймактарда абанын температурасы менен нымдуулук жашаганга такыр мүмкүнчүлүк бербейт. Мындай аймактар убакыттын өтүшү менен көбөйө берет.
Адистердин изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы Science Advances журналына жарыяланды.
Колумбия университетинин Жер институту менен Улуу Британиянын Лафборо университетинин окумуштуулар жер шарындагы 7877 метеостанцияларынын 1979-жылдан 2017-жылга чейинки бардык маалыматтарын анализдеп чыгышкан. Анын жыйынтыгында жер шарында азыр жашоого мүмкүн болбой турганы аймактар табылган. Бул жерде күндүн ысыгы тирүү жандын жашашына таптакыр мүмкүнчүлүк бербейт.
Окумуштуулар күндүн температурасы ысып жаткан мамлекеттерди дагы тизмектешкен. Алар: Индия, Пакистан, Бангладеш, Түштүк-Чыгыш Азия, Кызыл деңиздин жээги, Мексика кысыгы, Австралиянын түндүк-батышы, Калифорния, Түштүк Кытай, Африканын субтропикалык аймактары, Кариб бассейниндеги мамлекеттер. Бул мамлекеттердин басымдуу бөлүгүндө жакырчылык күч. Аймакты байырлаган кишилер муздаткыч эмес, электр энергиясына жетпейт. Талаада ачык асман алдында күндүн ысыгында иштөөгө туура келет.
Соңку жылдары бул аймактарда ысык аба ырайы тез-тезден катталууда. Ага глобалдык жылуу процесси дагы терс таасирин тийгизип жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/okumushtuular-zhakyn-arada-zhashoogo-mmkn-bolboj-turchu-mamleketti-atady
Добавить комментарий ×