Окумуштуулар төрөттөн кийин аял картаябы же жашарабы деген суроону аныкташты
АКШнын Калифорния университетинин окумуштуулары аялдын ар бир төрөтү аны 3-7 жылга улгайта турганын аныкташты. Аталган изилдөөнүн жыйынтыктары “Sleep Health” журналына жарыяланганын “Барометр” маалымдайт.
Кош бойлуулук жана төрөттөн кийинки саламаттыкты изилдөөнүн алкагында 23 жаштан 45 жашка чейинки 33 эненин кан үлгүлөрүн изилдешкен. Илимий тажырыйбада ДНКдагы өзгөрүүлөрдүн анализин эсептей турган жаңы ыкмалар пайдаланылган.
Адистер төрөт тездетилген улгайюга себеп болушу мүмкүн деген жыйынтык чыгарышты.Төрөгөн аялдарда хромосомалардын бир бөлүгү болгон теломерлери кыскарып кеткен, ал улгайган сайын кыскара турганы илимде белгилүү.
Окумуштуулардын пикиринде улгаю процесси негизинен энелердин уйкусу бузулгандыктан улам келип чыгат деп аныкташты.
“Төрөттөн кийин аялдар суткасынан 7 сааттан аз укташат. Бул ден соолукка заян алып келип жана ар түрдүү ооруларды пайда кылуу тобокелдигин жаратат”,-дейт изилдөөнүн жетекчиси Джудит Кэрролл.
Ссылка: https://barometr.kg/okumushtuular-trttn-kijin-ayal-kartayaby-zhe-zhasharaby-degen-suroonu-anyktashty
Добавить комментарий ×