Эмне үчүн сулуу аялдар жашоодо кыйынчылыктарга көп кабылат?

26 августа 2021 21:14 5394 2 Barometr
Поделиться в:
ok

Көпчүлүк аялдар жашоодо сулуу болууну абдан каалашат. Алар аял канчалык сулуу болсо жашоосу башкалардыкына салыштырмалуу жакшы болот деп ойлошот. Бирок психологдор сулуу аялдар турмушта кабыла турган айрым кыйынчылыктарды белгилешет. Төмөндө barometr.kg алар менен таанышып көрүүнү сизге сунуштайт

Биринчи тоскоолдук

Сулуу айымдар жашоодо көбүнчө чыныгы сүйүүсүн таба албай убара болушат. Анткени көп эркектер алардын сырткы келбетине кызыгып келишет. Анын ички жан дүйнөсүн көп ойлошпойт. Анан калса мындай мырзалар сулуу айымга жагыш үчүн өзүн башкача көрсөтүп, мактанып же акчасын чачып жагууну көздөшөт.

Мындай учурда сулуу айымдар көп жылдар бою өздөрүн алдап жашай беришет. Бир нече жылдар өткөндөн кийин гана эркектер анын ички дүйнөсүн эмес сырткы келбетин жактырып келишкенин түшүнөт.

Экинчи тоскоолдук

Мектеп курагында же студенттик куракта сулуу кыздардын жашоосу жеңил болот, баары алардын алдына эшиктерин кенен ачып бергендей туюлат. Жигиттер артынан чуркашат. Бирок кыз  чыныгы реалдуу ишке келгенде жумушту сулуу жүзү үчүн гана эмес, маңдай тери менен актап акча табуу керектигин түшүнүп кыйналат.Көбүнчө сулуу кыздар эмгектенгенден качып даяр нерсеге аракет жасашат да, жашоодо жаңылыштык кетиришет.

Үчүнчү тоскоолдук

Каааласа каалабаса дагы айың кептердин чордону болуп калышы толук мүмкүн.Кесиптештери, курбулары ага ичи тарып, ар кандай бут тосууларга барган учурлар жашоодо көп кездешет.

Төртүнчү тоскоолдук

Сулуу кыздар, айымдар өзүнүн сулуулугун баалуулук катары көрөт. Жыл өткөн сайын аны күч менен кармап турууга аракет кылгандар кездешет. Анткени башкы баалуулугун жоготуп алгысы келбейт.Мындай айымдардын көбү акчасын  сулуулукту кармап туршу үчүн короткон жагдайлар арбын. Бирок баары эле андай эмес. Улгайган сайын өзүнүн карылыгын кабыл албай жан дүйнөсү жабыгышы мүмкүн.

Албетте жогоруда сөз кылгандар баардык эле келбеттүү айымдарга тиешелүү эмес. Алардын арасында акылдуу, карьерасын куруп, мыкты жар, мыкты эне болгондор толтура. Бирок аял учурда сулуулугун баалап албаса  анын терс жактары дагы зыянын тийгизиши мүмкүн экенин жашоо далилдеп келет.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/emne-chn-suluu-ayaldar-zhashoodo-kyjynchylyktarga-kp-kabylat



Добавить комментарий

  • Суулуктун негизи пайда алып келет кееде.Бирок ички дуйнон мн сырткы келбет дал келбесе,жашоонун нугун жалгыз откорууго мажбур кылат.Бирок суулуктандагын бакыт буйрусун.
  • сулу эместен коро сулуу аял болгон жакшы да.