Окумуштуулар күйөөгө тийбеген аялдар эң бактылуу болорун аныкташты
Улуу Британиянын окумуштуусу өзү жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу The Guardian кабарлады.
“Лондондун экономика жана саясий илимдер институтунун профессору Пол Долан эң бактылуу адамдар кимдер экенин аныктады”,-деп жазат басылма.
Окумуштуу атайын изилдөө жүргүзгөндөн кийин “турмуш курбаган адамдар бактылуу болот” деген жыйынтыкка келген. Пол Долан эркектер үй-бүлө куруп жашаганда гана бактылуу экенин айтышканын да белгиледи.
“Эркектер үй-бүлөлүү болгон соң тобокелге баруусу азаят. Үй-бүлөлүү эркектердин көңүлү тынч болуп, акчаны көп таап, узак өмүр сүрөт”,-дейт профессор.
Ал эми аялдар тескерисинче турмушка чыккандан кийин жашоосу кыйындайт экен.
“Аларга өзүнүн да, өзгөлөрдүн дагы тагдырын ойлоого туура келет. Көп нерсеге көз жуумуп, унчукпай калышат. Мунун кесепетинен алардын өмүрү кыскарат”,-дейт Пол Долан
Анын айтымында күйөөгө чыкпаган аялдар эң бактылуу адамдар болуп саналат.
Анын айтымында аялдардын күйөөгө чыккысы келгени көп учурда коомчулуктун басымынан улам болот экен.Тактап айтканда социалдык коомдо “күйөөсү бар аял турмуш курбаган аялга караганда бактысыз” деген пикир калыптангандыктан гана улам аялдар турмуш курууга шашылышат экен.
Ссылка: https://barometr.kg/okumushtuular-kjg-tijbegen-ayaldar-e-baktyluu-bolorun-anyktashty
Добавить комментарий ×