Окумуштуулар: египеттик мумиялардын түпкү теги түрктөр болуп чыкты

28 март 2019 17:26 2242 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Тюбинген университетинин жана Макс Планк институтунун изилдөөчүлөр тобу 3500 жылдык байыркы Египеттин мумияларынын генин калыбына келтирди. Бул тууралуу secrethistory.su булагы кабарлады.

Иштин жыйынтыктары Египеттин өкүмдарлары тууралуу тарыхта билинбеген жаңы барактарды ачты. Байыркы египеттиктер мурда эсептеп келишкендей африка элдеринин өкүлдөрү эмес экени аныкталды.    

Египеттин көпчүлүк бөлүгүнө түрктөр (түштүк Европа) жана азыркы учурда Израиль, Ливан, Грузия жана Абхазияда жашап жаткан элдер отурукташкан экен. Алардын арасында африкалыктар болгон эмес.

Анан калса байыркы египеттиктердин популяциясы чет элдик чапкынчылардын чабуулуна кабылып олуттуу деле генетикалык өзгөрүүлөргө дуушар болгон эмес

 Изилдөөнү Цюрихтин окумуштуулары дагы ырасташты. Алар Тутанхамондун мумиясынан алынган ДНК анын европалыктар менен тектеш экенин аныктаганын кошумчалашты. Мындай ген учурда француздарда, испандарда жана англиялыктарда кездешет.

Ал эми азыркы египеттиктердин генетикалык түзүлүшү таптакыр башкача болгонуна таң калышууда.

 

Ссылка: https://barometr.kg/okumushtuular-egipettik-mumiyalardyn-tpk-tegi-trktr-bolup-chykty



Добавить комментарий