Окулист, навролог, лабораториядан бери бар. Дарыгерлер Нарын элин акысыз кароодон өткөрүп жатат

22 июль 2022 11:08 1372 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Дарыгерлер Нарын облусунун калкын медициналык кароодон өткөзүшүүдө. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Бүгүнкү күндө, Улуттук Госпиталдын "Ден соолук кербени” Нарын облусунун Ак-Талаа районунда калктын саламаттыгына кам көрүп, профилактикалык кароолорду өткөрүп жатат.

"Тургундар окулист, терапевт, навролог, эндокринолог адистерден кеңеш алуу мүмкүнчүлүгү бар, ошондой эле флюорография, УДИ жана лабораториялык диагностикадан да өтсө алышат.

Улуттук госпиталдын адистери ооруларды алдын алуу бейтаптарды бекер дарылап жана консультация берип жатышат.

Улуттук госпитал тарабынан уюштурулган “Ден соолук кербени” май айынан тарта Нарын облусунун калкын профилактикалык кароодон өткөзүп жатышат. Бул күнгө чейин Кочкор, Нарын райондорунун тургундарын, 25-июлдан баштап Ак-Талаа районунун калкын медициналык кароодон өткөзүп жатышат. Бул райондо “Ден соолук кербени” 2-августка чейин иш алып барышат, андан соң Ат-Башы районуна барышат", -деп айтылат маплыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/okulist-navrolog-laboratoriyadan-beri-bar-darygerler-naryn-elin-akysyz-karoodon-tkrp-zhatat



Добавить комментарий