Октябрдын ортосунан тартып күйүүчү май кайрадан кымбаттайт

5 октябрь 2021 13:53 698 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Октябрь айынын ортосунан тартып күйүүчү майдын кайрадан кымбатташы күтүлүп жатат. Бул тууралуу Бишкекте болгон басма сөз жыйынында Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов билдиргенин “Барометр” маалымдайт.

Анын айтымында, азыркы Россиядан сатып алынган күйүүчү майдын бааларына чактап келгенде жакынкы эки жумада бензиндин наркы орточо эсеп менен 1,50 тыйынга, ал эми дизель отуну бир сомдун тегерегинде кымбатташы күтүлүүдө.

Октябрдын экинчи жарымына карата азырынча прогноз бериле элек.Бул Россиянын сатуу баасы кандай болорунан көз каранды.

Ошол эле маалда Канат Эшатов күйүүчү майдын базарында жагдайды турукташтырыш үчүн нефтетрейдерлер өздөрүнүн чыгашаларын мүмкүн болушунча азайтканын эскертип өттү.Быйыл тапкан пайда бир пайыздан ашкан эмес. Анан калса компаниялар тобокелдикке барып эки айза запасы жетерлик күйүүчү майларды сатып алышкан. Мындан улам отун рыногунда баалардын кескин жогорулашы болгон жок.

“Дүйнөдө баанын кымбаттоо тенденциясы сакталып жатат. Россиянын   мунайды кайра иштете турган эки заводу ремонтто болуп жатат.Биз азыр башка заводдор менен иш алып барабыз, ал жактардын баалары жогору”,-деп айтты Эшатов.

Ссылка: https://barometr.kg/oktyabrdyn-ortosunan-tartyp-kjch-maj-kajradan-kymbattajt



Добавить комментарий