Россия Кыргызстанга кайрадан бажы салыгы жок күйүүчү май жеткирет

5 октября 2021 13:40 642 Barometr
Поделиться в:
ok

Россия менен Кыргызстан бажы салыгы жок кошумча күйүүчү майдын көлөмүн бөлүп берүү тууралуу макулдашты. Бул тууралуу бүгүн болгон басма сөз жыйынында Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов билдиргенин “Барометр” маалымдайт.

Анын айтымында, сентябрдын башында эле күйүүчү майлоочу материалдарды жалпы негизде сатып алууну баштоо жана май жеткирилбей калуу коркунучу бар болчу. Бирок Экономика, каржы жана өнөр жай министрлиги ыкчам иштеди.  

“Бензиндин боюнча индикативдүү балансты 650 миң тоннага, ал эми дизель отуну боюнча балансты 550 миң тоннага чейин жогорулатууга мүмкүндүк болду. Бул көлөм жыл соңуна чейин жетет. Эми тынчтансак болот”,-деп айтты Канат Эшатов.  

Ссылка: https://barometr.kg/rossiya-kyrgyzstanga-kajradan-bazhy-salygy-zhok-kjch-maj-zhetkiret



Добавить комментарий