Монополияга каршы агенттик көмүрдүн баасы 4500 сомдон жогору болсо айып салат
Бишкекте импорттолгон көмүрдүн баасы тоннасына 4500 сомдон ашпашы керек. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директорунун орун басары Жейналы Оросбаев эфир маалында билдиргенин “Барометр” кабарлайт.
Анын айтымында, Кара-Кече көмүрүнүн баасы 4400 сомдон жогору болбоого тийиш.
“Бааны кымбаттаткандарга, 5000 сомдон саткандарга карата чара колдонулуп айып пул салынат. Кымбат көмүр саткандар болсо бизге кайрылышсын”,-деп айтты ал.
Орун басардын айтымында, «Кыргызкөмүр» ишканасы Кара-Кече көмүр кенинен көмүрдү түз алып жатат, учурда 25тей компания иштейт, анын ичинен 21 компания эң жогорку дүң-чекене баа катары көмүрдүн тоннасын 1200-1370 сомдон белгилеген.
Ссылка: https://barometr.kg/monopoliyaga-karshy-agenttik-kmrdn-baasy-4500-somdon-zhogoru-bolso-ajyp-salat
Добавить комментарий ×