Өзбекстанда азык-түлүк жана тейлөө көрсөтүү баалары кымбаттады
Бөлүшүү:
Өзбекстанда азык-түлүк товарларынын баасы 15,5 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу Өзбекстандын мамлекеттик статистика комитетинен кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Ошентсе да бул өткөн жылдагы көрсөткүчтөн 1,3 пайызга аз.
Жылдык мааниде алганда өсүмдүк майы 1,5 эсеге, жашылча, банан жана дан буурчак өсүмдүктөрү 24,7 пайызга, жемиштер менен жаңгактар 21,3 пайызга, эт 15,9 пайызга кымбаттаган.
Азык-түлүк эмес товарлардын ичинен эң эле көп бензиндин наркы жогорулаган, анын баасы 1,4 эсеге өскөн.
Тейлөө көрсөтүү баалары 7,6 пайызга кымбаттады.
Ссылка: https://barometr.kg/zbekstanda-azyk-tlk-zhana-tejl-krst-baalary-kymbattady
Добавить комментарий ×