Нью-Йорк соту «Центерранын» санкциялар тууралуу доо арызын кароодон баш тартты
Нью-Йорктун соту «Центерра» компаниясынын Кыргызстанга санкция жана айып пул салуу тууралуу доо арызын кароодон баш тартты. Бул тууралуу «Кумтор Голд Компани» компаниясынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Аталган кабарга таянсак, 15-сентябрда «Центерра» компаниясынын ходатайствосун кароо, Кыргызстанга келишим шартты аткарбаган ар бир күн үчүн 1 миллион доллар көлөмүндө санкция салуу боюнча уктуруу болду.
“Сот “Центерранын” Кыргызстанга санкция киргизүү боюнча жүйөлөрүн жана ходатайствосун кароодон баш тартты жана Кыргыз Республикасынын аракеттери “автоматтык түрдө токтотуу шарттарын” бузбаганын белгиледи”,-деп айтылат «Кумтөрдүн» басма сөз кызматы тараткан маалыматта.
Эске салсак, “Центерра” компаниясы Нью-Йорктун түштүк округунун сотуна доо арызы менен кайрылган. Канадалык компания сотко Кыргызстандын бийлигинин иш-аракеттеринен улам өзүнүн жана акционерлеринин кызыкчылыктарын коргоону көздөп жатканын билдирген.
Ссылка: https://barometr.kg/nyu-jork-sotu-centerranyn-sanciyalar-tuuraluu-doo-aryzyn-karoodon-bash-tartty
Добавить комментарий ×