Садыр Жапаров: Кумтөр май айынан бери ай сайын 500 млн сом салык төгүп жатат

21 октябрь 2021 14:16 1839 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Кыргызстанда азыркы учурда тоо-кен тармагынан ай сайын мамлекетке 2 млрд сомдон ашык каражаттар төлөнүп жатат”,- деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-октбярда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин республикалык кеңешмесинде сөз сүйлөп жатып.

Президенттин айтымында, жыл сайын тоо-кен тармагынын мамлекетке болгон салымы өсүүдө.

Бир эле мисал келтирейин. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча бул тармактан республикалык бюджетке 12,9 млрд сом төлөнсө, 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча 18,2 млрд сом төлөндү. Азыркы учурда 2021-жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча бюджетке 12,7 млрд сом төлөндү. Өзүңүздөр билгендей, “Кумтөр” кени 29 жылдан бери чет өлкөлүк компания тарабынан иштетилип келген. Биз бул ири кенге ушул жылдын май айында сырткы башкарууну киргиздик.

Азыркы учурда “Кумтөр” кенинде кыргыз элинин кызыкчылыгына багытталган иштер жүрүп жатат.

Мисал келтирсек: 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууда “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому геологиялык чалгындоого дүң кирешеден 4 пайыз аз каражат сарптаса, анын айырмасы, болжол менен 15-16 млн АКШ доллары болот экен, аны салык катары республикалык бюджетке төлөмөк, бирок төлөгөн эмес. Тышкы башкаруу киргизгенден кийин бул салыктын түрү төлөнө баштады, азыркы учурда 500 млн сом республикалык бюджетке которулду!

Азыркы учурда, тоо-кен тармагынан ай сайын мамлекетке 2 млрд сомдон ашык каражаттар төлөнүп жатат. Алдыда бул сумманы бир нече эсе көтөрүшүбүз керек. Ошондо биз пенсия, пособия, айлыктарды да бир кыйла көтөрө алабыз”,-деп билдирди президент.


Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-kumtr-maj-ajynan-beri-aj-sajyn-500-mln-som-salyk-tgp-zhatat



Добавить комментарий