Нью-Йорк соту «Центерранын» санкциялар тууралуу доо арызын кароодон баш тартты

16 сентября 2021 11:57 2154 Barometr
Поделиться в:
ok

Нью-Йорктун соту «Центерра» компаниясынын Кыргызстанга санкция жана айып пул салуу тууралуу доо арызын кароодон баш тартты. Бул тууралуу «Кумтор Голд Компани» компаниясынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Аталган кабарга таянсак, 15-сентябрда «Центерра» компаниясынын  ходатайствосун кароо, Кыргызстанга келишим шартты аткарбаган ар бир күн үчүн 1 миллион доллар көлөмүндө санкция салуу боюнча уктуруу болду.

“Сот “Центерранын” Кыргызстанга санкция киргизүү боюнча жүйөлөрүн жана ходатайствосун кароодон баш тартты жана Кыргыз Республикасынын аракеттери “автоматтык түрдө токтотуу шарттарын” бузбаганын белгиледи”,-деп айтылат «Кумтөрдүн» басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Эске салсак, “Центерра” компаниясы Нью-Йорктун түштүк округунун сотуна доо арызы менен кайрылган. Канадалык компания сотко Кыргызстандын бийлигинин иш-аракеттеринен улам өзүнүн жана акционерлеринин кызыкчылыктарын коргоону көздөп жатканын билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/nyu-jork-sotu-centerranyn-sanciyalar-tuuraluu-doo-aryzyn-karoodon-bash-tartty



Добавить комментарий