Нурзат Токтосунова: "Сен түрмөнүн ичинен чыгышыӊ маанилүү эмес" деп кимге кайрылды?

11 апрель 2019 15:40 11760 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Алып баруучу Нурзат Токтосунова өзүнүн инстаграмдагы баракчасы аркылуу окурмандары менен жакшы ой-пикирлери жана жашоого койгон максаттары тууралуу бөлүшүп келет. Алып баруучу көпчүлүк учурларда өзүнүн катталуучуларына пайдалуу кеңештерин аябай келет. Бул жолу да Нурзат Токтосунова катталуучуларына жашоодогу адамдын өзүн-өзү тарбиялоосу тууралуу пикири жана кеңеши менен бөлүштү.

“Сен түрмөнүн ичинен чыгышыӊ маанилүү эмес. Сенин ичиӊден түрмө чыгышы керек! Сенин түрмөӊ- сенин жаман ойлоруӊ! Мен жалкоомун! Менин ишим жүрүшпөйт! Баары мени сатып кетет! Мен сулуу эмесмин! Мен акча чогулта албайм! Мени баары жаман көрөт! Бир сөз менен айтканда өзүӊүзгө берген бааӊыз өтө төмөн болсо, сиздин ички абалыӊыз түрмөдө экенинен кабар берет. Бул жан дүйнө түрмөсү. Ички түрмө, сырткы түрмөдөн дагы коркунучтуу. Сырткы түрмөдөн канча бир жылда чыкса болот. Ички түрмөдөн сиз каалаган күнү гана чыгасыз. Каалабасаӊыз өз түрмөӊүз менен кошо көмүлөсүз. Өмүрүнүз текке кетет...”, -деген оюн билдирди.

Бирок алып баруучу белгисиз себептерден улам пикир калтыруу бөлүмүн өчүрүп койду.

Эске салсак, Нурзат Токтосунова менен жолдошу Максат Надырбеков үстубүздөгү жылдын 13-февралында кыздуу болушуп, туң наристесине Акбермет деген ысым ыйгарышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/nurzat-toktosunova-sen-trmnn-ichinen-chygyshy-maanil-emes-dep-kimge-kajryldy



Добавить комментарий