Айтбекова: Өспүрүм кызга дары берип, баңгиликке көндүргөндөр жоопко тартылсын

5 июль 2022 09:15 768 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Теле алып баруучу Назира Айтбекова өспүрүм кызды курамында маңзат бар дарыларга көндүрүп койгон жарандын жоопкерчиликке тартылуусу керектигин айтып, коомчулуктун бул окуяга жапырт көңүл буруусун суранды. Бул тууралуу Айтбекованын соцтармактагы баракчасына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, Айтбековадан кыздын апасы кызын курамында маңзат бар дарыларга көндүргөндөрдү жоопко тартылуусуна жардам берип коюуну өтүнүп кайрылган.

"Мага жалгыз бой эне жазып, жардам сурап жатат. Кенедей өспүрүм кызын таблеткага олтургузуп коюшуптур. Ал таблеткалар аптекада кенен сатылат экен. Ага көнгөндөн кийин чоңураак баңгиге өтүшөт экен. Кызга таблетка берип, ичирип , зордуктап коюшкан. Зордуктап, видеого тартып алып, шантаж кылып, акча талап кылышат экен. Учурда ооруканада экен. Апасы кимге кайрылып, эмне кылаарын билбей жатат. Дагы 14 жаштагы кызды да таблеткага олтургузушуптур.
Достор, бул темада коңгуроо кагып, массалык маалымат каражаты көтөрүшүп, иликтеп, жардам берүүңүздөрдү өтүнөбүз", -деп жазган алып баруучу айым. 

Бул тууралуу Бишкек шаардык милицияга кайрылганыбызда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатканын билдиришти.

"20-июнь күнү жаран О.Н. , 2021-жылдын декабрь айынан бери жашы жете элек кызын дарыга көндүрүп койгон «Н» аттуу жигитке карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Айым ал таблеткалар менен тамчылардын курамында маңзат бар же жок экенин текшерүүнү өтүнөт.

Бул факт Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан катталган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө  2003-жылы туулган Н.А аттуу жана  А.А. 2008-жылы туулган жарандар кармалды. Учурда керектүү экспертизалар дайындалды", -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/ajtbekova-sprm-kyzga-dary-berip-bagilikke-kndrgndr-zhoopko-tartylsyn



Добавить комментарий