Нурзат Токтосунова: Бул коом нааразылык пикирлерге, муздак мамилелерге толгон

28 июнь 2021 16:58 1866 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Алып баруучу Нурзат Токтосунова ар дайым жакшы сөз айтуунун пайдасы тууралуу пикирин социалдык баракчасына бөлүштү.

“Өзүн сыйлаган адам убадага турат. Убадага турган адам чөйрөдө кадыр барк күтөт. Кадыр баркы бар адам дагы ийгиликке тез жетет. Бүгүн жаныӊыздагы же алыстагы жок дегенде бир же ондон көп таанышыӊызга чын жүрөктөн жакшы сөз айтыӊыз. Кат жазыӊыз. Смс жөнөтүӊүз. Жакшы көрөөрүӊүздү, ал сиз үчүн башкача орунда тураарын же мурун кылып алган бир катаӊызды кечирүүсүн суранып айтор жакшы сөз айтып бирөөнүн көӊүлүн алыӊыз. Бул күн көңүл бурдуруу күнү. Башкаларга өзүӊүздү эстетүү күнү!

Биз ар дайым эле жакшы сөз айта бербейбиз. Тескерисинче бул коом нааразылык пикирлерге, көӊүл калтырган сөздөргө, муздак мамилелерге толгон. Бирок адам баласын биз гүл деп элестетсек, гүл суусуз жашай албайт. Адам баласынын өсүшүнө куюлган суу- бул жакшы сөз, жакшы мамиле. Билем, сиз да мен сыяктуу жакшы сөз уксаӊыз толкунданасыз. Жашагыӊыз келет. Андыктан ошол жакшы нерсени өзүӊүз баштаӊыз. Эч качан жылуу сөз айта албаган он таанышыӊызга жакшы сөз жөнөтүӊүз. Телефон чалып жакшы сапаттарын, ал сизге өтө керек адам экенин айтыӊыз. Сөзсүз жок дегенде бирөө кайра сизге кат жолдойт, жакшы сөз айтат. Анан өзүӊүз да сүйүнүп каласыз. Муну адат кылыӊыз. Баарын өзүбүздөн баштайбыз. “Жардамга муктаж болбош үчүн, бирөөгө жардам бер”,- деген кызык сөз бар. Ошондой эле жакшы ишиӊиз да, жаман ишиӊиз да дубалга урулган топ сыяктуу. Сиз адамдарга эмнени айтсаӊыз өзүӊүз да ошону угасыз. Тегерегибизде адамдын көӊүлүн калтырууга, сын айтууга өтө чебер адамдар көп. Болгону алардын бир күнү көӊүлүн калтырып, сын сөзүн айткан душмандары бет алдына чыгат. Ал учурда сиз экөөбүздү сүйүнтүүгө аракет кылган көп достор курчап турган болот. Себеби бүгүн биз бир гана жакшы сүйлөөнү, колдон келишинче жолдон жолуккан ар бир адамга жакшы мамиле жайылтууну баштадык. Бирөөгө жасалган жакшылык же жамандык- эртеӊ өзүбүз туш боло турганын унутпайлы”,-деп жазды Нурзат айым.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/nurzat-toktosunova-bul-koom-naarazylyk-pikirlerge-muzdak-mamilelerge-tolgon



Добавить комментарий